Такси ар бир шаардын транспорт системасынын маанилүү бөлүгү. Транспорттун бул түрү көптөн бери тыгылышкан микроавтобустар менен троллейбустарга пайдалуу альтернатива болуп калды.Шаар тургундары ыңгайлуу жүрүүнү көбурөөк жактыра баштады. Шаардын бир жеринен экинчи жерине тез убакта ыңгайлуу жетип алуу Бишкектеги таксисттердин баркын жогорулатууда. Жеке такси компанияларынын популярдуулугуна таасир эткен дагы бир маанилүү фактор - санариптештирүү. Заманбап колдонуучулар смартфон аркылуу унаа заказ кылууну жактырышат, бирок бардык эле таксибекеттер мындай кызматты көрсөтө албайт. Мисалга алсак, Яндекс.Такси кызматы так ошондой форматта – фирмалык жүктөм аркылуу заказ кылганды сунуштайт. Сиз төмөндө жеке айдоочу кандай артыкчылыктарга ээ экенин жана Яндекс өз кызматкерлерине кандай шарттарды түзөөрүн биле аласыз.
Яндекс.Такси агрегатору көп алыс эмес убактыт мурун борбор шаарыбыздын рыногуна келип, жергиликтүү айдоочуларга ар кандай жеңилдиктерди жана пайда алып келчү мүкүнчүлүктөрдү берди. Биринчи кезекте бул жагымдуу эмгек шарттары, ыңгайлуу тиркеме, ар кандай бонустар. Биздин компания жөнүндө айтсак, биз Яндекс.Таксинин расмий өнөктөшүбүз. Биз өзүбүздүн жогорку сапаттагы кызматыбыз жана күчтүү рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүбүз менен сыймыктанабыз. Кардарларды тейлөө - биздин башкы артыкчылыгыбыз болуп саналат. Ишенимдүүлүктүн жана тактыктын аркасында биздин Бишкектеги такси кызматыбыз чоң ийгиликтерге жетишти. Бүгүн биз жүздөгөн адамдарды кыска жана алыскы аралыкка ташыйбыз. Күн сайын биздин кызматкерлер көп сандагы заказдарды алышат жана биздин токсопарк туруктуу үзгүлтүксүз иштөөсү менен айырмаланат.
Биздин кызматтын дагы бир артыкчылыгы – каалаган убакытта иштөө графиги жана үзгүлтүксүз бонустар. Сиз өз каалооңуз боюнча күнүмдүк иш тартипти түзө аласыз. Бул иш сиздин негизги же кошумча кирешеңиз болобу, айырмасы жок. Эң башкысы, сиз Яндекстеги кызматты башка ишмердүүлүк менен айкалыштыра аласыз жана башка нерселерге убакыт табуу ыңгайлуу болот. Дагы бир жакшы өзгөчөлүк - бул биздин таксиде иштегендердин баарына күнүмдүк бонустар жана мыкты айдоочуларга белектер берилип туруусу.
Яндекс таксобекетине катталуу оңой эле. Ал үчүн бир нече ыңгайлуу ыкмалар бар. Биринчиси жана эң оңою – бизге 0556 110 320 номерине телефон чалуу. Экинчиси ыкма – Бишкек шаары, Юнусалиев көчөсү №62 дарегине келүү. Биздин кызматкерлер сизди тосуп алышат жана кошулуу жөнундө бардык суроолорго жооп берип жардамын көрсөтүшөт. Акыркы ыкма – бул 1200 – yandextaxi.kg. сайтына онлайн катталуу. Андан “Оставить заявку” деген кнопкасын таап басыңыз, өзүңүз туралуу маалыматты жазып жөнөтүңүз. Ошондон кийин биз сиз менен байланышка чыгып, катталууга жардам беребиз.
Кызмат көрсөтүү | “Эконом” тарифи | “Минивэн” тарифи | “Минивэн” тарифи | “Комфорт+” тарифи |
Минималдуу баасы (5 мүнөт жана 1 км киргизилген) | 39 сомдон ары | 70 сомдон ары | 49 сомдон ары | 59 сомдон ары |
Бекер күтүү | 2 мүнөт | 3 мүнөт | 2 мүнөт | 2 мүнөт |
Акы төлөнүүчү күтүү (минималдуу наркка кирбейт) | мүнөтүнө 2 сомдон көп эмес. | мүнөтүнө 2 сомдон көп эмес. | мүнөтүнө 2 сомдон көп эмес. | мүнөтүнө 2 сомдон көп эмес. |
Андан ары шаар аркылуу | Км.10 сомдон ашык эмес | Км.10 сомдон ашык эмес | Км.13 сомдон ашык эмес | Км.14 сомдон ашык эмес |
Шаардан тышкары | Км.25 сомдон ашык эмес | Км.20 сомдон ашык эмес | Км.28 сомдон ашык эмес | Км.30 сомдон ашык эмес |
Жолдо күтүү | мүнөтүнө 2 сомдон көп эмес. | мүнөтүнө 2 сомдон көп эмес. | мүнөтүнө 2 сомдон көп эмес. | мүнөтүнө 2 сомдон көп эмес. |
Кондиционер | 30 сомдон көп эмес | 30 сомдон көп эмес | 30 сомдон көп эмес | 30 сомдон көп эмес |
Рахмат. Сиздин арыз жөнөтүлдү. Биз жакында сиз менен байланышабыз